ЖАТЫН I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Түйүлдүк же түйүлө баштаган жаңы организм өнүгө турган аялдардын же ургаачы жаныбарлардын ички жыныс мүчөсү. Жатындан жарып чыкпаса, Бакма бала курусун (Токтогул). Эне. Табылды Зарыл экөө бир жатындан эмес (Сыдыкбеков). Бир жатындан туулуп, Бир уядан жем жеген (Бөкөнбаев).